Жогорку Кенештин отурумунда депутат Камила Талиева Жалпы республикалык тестирлөөнү (ОРТ) өткөрүү тартибине көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат көп жылдар бою ОРТну билим берүүдөгү баалоо жана окутуу ыкмаларын изилдөө борбору (ЦООМО) өткөрүп келе жатканын белгиледи. Ал бул мекеменин мамлекеттик эмес уюм экенине басым жасады.

Ушуга байланыштуу Талиева мамлекеттик органдар тарабынан борбордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, укуктуу ведомстволордун жоопкерчилиги жана тестирлөө үчүн түшүп жаткан каражаттардын колдонулушунун ачык-айкындуулугу маселелерин көтөрдү.

Депутаттын айтымында, ушул жылы сертификаттарда жана тесттик тапшырмаларда каталар кеткен, ал эми абитуриенттерге жана ата-энелерге маалымат берүү жетишсиз болгон. Ошондой эле тесттик материалдарды даярдоого көзөмөлдү күчөтүп, тесттин мазмуну мектеп окуу программасына шайкеш келишин камсыз кылуу зарыл экенин баса белгиледи.

ОРТ өткөрүү системасын өркүндөтүү үчүн депутат «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.