Жогорку Кеңештин «Эл умуту – Ата Журт» депутаттык тобунун жыйынында билим берүү министрлиги жана Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу ыкмаларын өнүктүрүү борбору (ЦООМО) тестирлөөнү сапаттуу уюштуруу боюнча маалымат беришкен. Билим берүү министрлигинин орун басары Надира Жусупбекованын билдирүүсүнө таянса, уш акыркы жылы мектептерди 80 819 окуучу бүтүргөн.
Тестирлөө көрсөткүчтөрү
Талкуу учурунда депутаттар тестирлөөнү санариптештирүү, аймактардагы бүтүрүүчүлөр үчүн бирдей шарттарды түзүү жана даярдоо курстарынын жеткиликтүүлүгү сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле, айрым категориядагы окуучулар үчүн ЖРТ төлөмдөрүнө жеңилдиктерди карап чыгуу сунушталды.
Билим берүү министрлигинин орун басары Надира Жусупбекова ЖРТ тапшырмалары мектеп программасына толук шайкеш келет экенин белгиледи. Ал эми ЦООМО борборунда 17 кызматкер иштесе, тесттик тапшырмаларды иштеп чыгууга 300ден ашык адис тартылат.
Депутаттар тестирлөөдө катышуучулардын маалыматтарын шаарлар жана айыл жерлештери боюнча өзүнчө көрсөтүүнү жана ЖРТны өткөрүүнү мамлекеттин өзүнө өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты.












