«Бишкек Аренаны» футбол беттешүүлөрү үчүн ачуу 2027-жылдын июнь айына пландаштырылган. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков билдирди. Функционердин түшүндүрмөсүнчө, башында стадионду ФИФАнын эл аралык терезесинин алкагында март айында эле колдонууга пландашкан, бирок климаттык факторлор иш графигине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Аба ырайынын шарттарына байланыштуу биз аренанын оюн талаасын ФИФАнын март айындагы эл аралык даталарына чейин даярдай албайбыз. Ошондуктан стадиондо тарыхый алгачкы оюнду 2027-жылдын июнь айында өткөрүүнү пландап жатабыз
Аренаны эксплуатацияга берүү графиги менен бир катар Азия Кубогу — 2027 өткөрүлүү мөөнөттөрү да өзгөрдү. Азия футбол конфедерациясы (АФК) жылдын башында Саудов Арабиясында өтүүсү тиешелүү болгон турнирди жылдырды.
- 2027-жылдын 7-январы — 5-февралы
Азия Кубогун өткөрүүнүн алгачкы мөөнөттөрү
- 2027-жылдын 23-декабры — 2028-жылдын 21-январы
Саудов Арабиясында турнирди өткөрүүнүн жаңы мөөнөттөрү
Негизги континенттик турнирдин жылдырылышы улуттук сборканын тренердик штабы тарабынан колдоого алынды. Команданын башкы тренери Урмат Абдукаимов кошумча убакыт оюнчуларды даярдоо үчүн маанилүү ресурс болорун баса белгиледи.
Ар бир тренердик штаб жана команда үчүн убакыт — эң маанилүү ресурстардын бири. Бул бизге мындай маанилүү турнирге дагы да кылдат даярданууга мүмкүндүк берет









