«Бишкек Арена» стадионунда футбол талаасын оңдоо иштери башталган. Бул боюнча Президенттин иш башкаруу башкармалыгынын алдындагы спорттук комплекстин директору Нурмухаммед Эшматов маалымат берди. Учурда стадиондогу бетон жана гравий катмарлары алынып жатат.

Нурмухаммед Эшматовдун айтымында, аянты тазалагандан кийин газонду сугаруучу система үчүн түтүктөр төшөлөт жана атайын кара жер (чернозем) ташылып келет. Бул иштердин максаты — футболдук матчтарды өткөрүү үчүн ФИФАнын жогорку стандарттарына жооп берген талаа түзүү.

Стадиондогу концерттер жана башка чоң иш-чаралар боюнча директор төмөнкүлөрдү белгиледи:

Стадион үчүн башкы артыкчылык — футбол. Бардыгы футбол союзунун графигине байланыштуу. 2027-жылга карата оюн-көңүл ачуучу иш-чаралар пландаштырылбаган.
Нурмухаммед Эшматов

Ошондой эле, стадиондун ортосундагы бий аянтынын жана сахнанын бетон катмары демонтаждалып, артисттер колдонушкан көтөрүүчү механизм алынып жаткандыгы социалдык тармактарда видеолор аркылуу жайылып кеткен. Директордун түшүндүрмөсү боюнча, бул иштер жаз айларына карата турнирлерге жана матчтарды өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн жасалууда.

Видео: Sputnik Кыргызстан

Азыркы учурда Кыргыз футбол союзунан жана Азия футбол конфедерациясынан (АФК) келерки жылга карата матчтардын тыгыз графиги күтүлүүдө. Газондун сапатын сактоо үчүн атайын пластик поддолорду колдонуу мүмкүн, бирок аларды көп колдонуу талаанын сапатына терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Кубок Азиясынын мөөнөтү өзгөрдү

Азия футбол конфедерациясы 2027-жылдагы Кубок Азиясынын өткөрүлүү мөөнөтүн өзгөрткөнүн эскерте кетүү керек. Саудов Арабиясында өтө турган турнирдин мөөнөтү төмөнкүдөй өзгөрдү:

  1. 7-январь — 5-февраль, 2027-жыл

    Турнирдин баштапкы мөөнөтү

  2. 23-декабрь, 2027-жыл — 21-январь, 2028-жыл

    Турнирдин жаңы мөөнөтү