Бишкек мэриясы Kaktus.media маалыматы боюнча, шаар тургундарынын квартираларына, ошондой эле социалдык жана башка мекемелерге жылуулук берилиш планын жана тартибин ачыктады.
Мэриянын кызматкерлери жылуулук менен камсыздоону баштоо жөнүндө чечим шаардык штаб тарабынан абанын орточо күндүк температурасы беш күн бою +8 градуска чейин түшүшү менен кабыл алынарын эскертти.
Жылуулук менен камсыздоо тартиби
- Биринчи кезекте жылуулук бериле турган жерлер: ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер, төрөт үй-жайлары жана социалдык коргоо мекемелери.
- Экинчи кезекте жылуулук бериле турган жерлер: турак жайлар, өнөр жай ишканалары жана объекттердин кышкы шартта иштөөгө даярдыгы актысы бар мекемелер.
Маалыматка караганда, объекттерди жылуулук менен камсыздоо бир нече күнгө созулушу мүмкүн. 2024 жана 2025-жылдарда жылуулук октябрь айынын экин жарымында берилген.











