2026-жылдын 1-августунда түнкү саат 00:00дөн 03:00гө чейинки аралыкта Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 138-139 чакырымында таш агып кетүү катталды.
Бул окуядан улам унаалар учурда бир тилке менен гана өтүп жатат. Министрликтин маалыматы боюнча жолду тазалоо иштерин 10-Нөөмөттүк Жол Эксплуатациясы жүргүзүүдө.
- 1 жүктөгүч
- 1 автогрейдер
- 4 экскаватор
- 4 оор жүк ташуучу HOWO
Жолду толук ачуу максатында тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.



