Италия администрациясы Испания менен болгон Шенген келишиминин ишин убактылуу токтотту. Бул чечим миграциялык кризиске байланыштуу кабыл алынды.

Ага ылайык, Испания аркылуу келген жана Евробиримдикке мүчө эмес өлкөлөрдүн жарандары аэропорттордо жана деңиз портторунда тандалып текширилет.

Бул чектөөлөр бир айга чейин күчүндө болот жана миграциялык кырдаалды жөнгө салууга багытталган.