Кыргызстанда республиканын маанилүү автожолдоруна жаңы таштанды челектер орнотулуп жатат. Бул ишти Автоунаа жолдорун тейлөө ишканасы № 10 жүргүзүүдө.

Жаңы челектер Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 137-чи чакырымында жана Балыкчы – Ананьево – Каракол трассасынын 28-чи чакырымында жайгаштырылууда.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, бул кадамдар жолдордун санитардык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жол кыймылына катышуучулардын жашоосун ыңгайлуу кылуу максатында жасалууда.

Ранее по темеКыргызстанда сел жана суу ташкыны коркунучу боюнча эскертүү жарыяланды
Бул иш чаралар санитардык тазалыкты камсыздоого, айлана-чөйрөнү сактоого жана жолдогу шарттарды жакшыртууга багытталган.
Министерство транспорта и коммуникаций КР

Министрлик жол кыймылында жүргөн айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү таштандыны гана атайын урналарга төгүүгө чакырды.