Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Кыпчак-Талаа айылы аркылуу өткөн Бишкек-Ош автожолунда атайын рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара атмосфералык абаны коргоо жана автотранспорт каражаттары тарабынан чыгарылып жаткан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө үчүн уюштурулган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аппараты билдирди.

Рейд учурунда жалпысынан 14 автоунаа токтотулуп, алардын атмосферага чыгарган зыяндуу газдарынын көлөмү атайын өлчөөчү дымомер аппараты менен текшерилди.

14текшерилген унаа
4норманы бузган унаа
30 000салынган жалпы айып пул (сом)

Текшерүүнүн жыйынтыгында төрт унаанын зыяндуу заттарды чыгаруу боюнча белгиленген ченемдерден ашып кеткени аныкталды. Жарандардын укук бузуулары жөнүндө мыйзамга ылайык, төрт протокол түзүлүп, жалпы суммасы 30 миң сомду түзгөн айып пулдар салынды.

Бул иш-чараны Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте жүргүздү.