Сузак районунда атмосфералык абаны коргоо боюнча өткөрүлгөн рейд учурунда зыяндуу заттардын нормасын ашыкча чыгарган автоунаа табылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Рейд Кыргызстандын Табигый ресурстар министрлигинин Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери менен Сузак аймактык жол коопсуздугун камсыздоо инспекторлору биргеликте өткөрүшкөн. Иш-чаранын негизги максаты атмосферанын абасын жакшыртуу болуп саналат.
Бул иш-чаранын алкагында жалпы 13 автоунаа текшерилип, алардын зыяндуу заттардын чыгышы көзөмөлгө алынды. Текшерүү жыйынтыгы боюнча бир автоунаа нормадан ашып кеткендиги аныкталып, анын ээси 7 500 сом өлчөмүндө айып пулга жыгылды.
Андан сырткары айдоочулар менен экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындай рейддик аракеттер атмосфералык абанын тазалыгын сактоо максатында мындан ары да улантылат.







