Бишкек шаарында автотранспорттордун абанын булганышына чектөөлөргө ылайык тестирлөө жүргүзүлдү.

Рейдтин жыйынтыгы менен экологиялык жана техникалык талаптарды бузган үч айдоочу аныкталып, аларга административдик айыппулдар салынды.

Текшерүү жыйынтыктары

3айдоочу айыпка тартылган
22,500сом өлчөмүндөгү жалпы айыппул

Бул рейдди Бишкек жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын регионалдык башкармалыгы менен Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы биргеликте уюштурду.

Иш-чаранын негизги максаты — автотранспорттордун техникалык абалын жана алардан чыккан булгануучу заттардын абага чыгышынын нормаларын текшерүү болду.