Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн стандартташтыруунун, метрологиянын жана сертификаттоонун Эл аралык кеңешинин 69-жыйыны өттү. Бул ири жыйынга КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана тармактын адистери катышты.

Жыйындын негизги талкуулоо темалары катары техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, санариптик технологияларды колдонуу, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана сапатты жакшыртуу инфраструктурасын өнүктүрүү каралды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Алар ошондой эле мамлекеттер аралык сапат инфраструктурасын бекемдөө максатында иштерин улантышат.

Подобные встречи укрепляют доверие между странами, открывают новые возможности для расширения торгово-экономического сотрудничества и развития конкурентоспособной продукции
Министерство экономики и коммерции Кыргызской Республики