Бишкек шаарындагы Жусуп Абдрахманов жана Московская көчөлөрүнүн кесилишине коомдук аянтча кайрадан долбоорлоо боюнча эскиз даярдалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түзүлүш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарбасы министрлигинен кабарлашты.
Долбоорду шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын борбордук бөлүмүнүн шаардык дизайн боюнча адистери иштеп чыгышты. Анын негизги максаты – борбор калаанын тургундарына жана конокторуна заманбап жана көп функциялуу коомдук мейкиндикти түзүү.
Эскизге ылайык, мейкиндикте эс алуу зоналары, шахмат ойноо аянты, көчөдөгү китепкана, балдар ойноочу жана спорттук аянтчалар жайгаштырылат. Ошондой эле, фонтан жаңыланып, автоунаалар үчүн паркинг жана коомдук жууна турган жай курулат.
Долбоордо жөө адам жана автоунаа агымдарын бөлүү каралган, бул аймактын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатат.
Долбоорду жүзөгө ашыруу иштерин Бишкек шаарынын мэриясы башкарат.








