Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндөгү эс алуу зонасы жаңыланып, көрктөндүрүлдү. Бул аймак мурда оңдоп-түзөө иштерине муктаж болгон жер болчу. Жаңы түзүлгөн коомдук мейкиндик шаар тургундары жана коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, аталган аймактын жаңыланышы шаардык чөйрөнү жакшыртуу максатында ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө долбоор толугу менен аяктады.

Территорияны жаңылоо боюнча эскиздик долбоорду Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош шаардык башкармалыгынын жаш адистери иштеп чыгышкан.