ОАО «Кыргызалтын» компаниясы Бишкек шаарында мыйзамсыз иш алып баруучулар тарабынан «Кыргызалтын Резорт» ден соолук борборуна жасалма путевкаларды ээн-эркин сатуусунун учурлары катталганы тууралуу жарандарды маалымдады.

Мыйзамсыз ортомчулар расмий баалардан бир кыйла төмөн баада путевкаларды сунуштап, калкты алдагандыгы белгилүү болду. Натыйжада алдамчылыктарга кабылган адамдар акчаларын жоготушкан.

«Кыргызалтын» жарандарынын этият болуусун суранды жана кызматтарды болгону расмий сатуу каналдары аркылуу сатып алууга чакырды. Аларга ыктыярдуу түрдө озоно ден соолукту чыңдоо борборунун өзүндө, ыйгарым укуктуу расмий өнөктөштөрдө жана мамлекеттик уюмдарда гана путевкалар сатылаары эскертилди.

Компания тарабынан социалдык тармактарда белгисиз адамдардан же расмий эмес баракчалардан арзан путевкаларды сатып алууга аракет кылгандарга ишенбөө сунушталды.

Жарандарга маалыматты кылдат текшерүүнү жана акчаларын белгисиз адамдарга которбоону эске салынат.

Расмий баа жана сатып алуу шарттары тууралуу толук маалымат 0550 09 90 13 жана 0706 99 91 11 телефон номерлери аркылуу алынууга болот.