Бишкек шаарында коомдук транспортто проездди төлөө тартибин көзөмөлдөө максатында 1-июлдан тарта рейддер өткөрүлөт. Бул иш-чараны муниципалдык «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы уюштурат.
Контролерлер пассажирлердин проезд төлөгөндүгүн жана банктык карта, QR-код дегендей альтернативдүү төлөмдөрдү колдонгондор чек сактап турушканын көзөмөлдөйт.
Пассажирлерге төлөмдү күбөлөгөн электрондук же кагаз чекти сактап туруу сунушталды. Бул чек рейд учурунда талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, проездди төлөбөгөн жарандарга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат.
Муниципалдык «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспортто проезд төлөө эрежелерин сактап, өз мөөнөтүндө төлөп турууга чакырат.




