Кыргызстанда Кыргыз адабиятынын даңазалуу өкүлү Чынгыз Айтматовдун туулганына 100 жыл толуусу үчүн даярдык иштери башталды. 2028-жылы өлкөдө анын урматына арналган иш-чаралар өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин маалыматы боюнча, президенттин жарлыгын негизинде 2028-жыл Кыргызстанда Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланмакчы. Бул багытта иш-чараларды уюштуруу боюнча 25 пункттан турган план түзүлгөн.

Бишкекте маданий борбордун курулушу

Улуттук маңыздагы маанилүү долбоорлордун бири катары Бишкек шаарында Чынгыз Айтматовдун атындагы маданий борбордун курулушу каралууда. Бул борбор 2028-жылга чейин бүткөрүлүп, өлкөдөгү ири маданий жайлардын бири болмокчу.

Бул ишти маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, курулуш министрлиги жана Бишкек мэриясы биргеликте жүзөгө ашырат.

Ошондой эле Талас облусунун Айтматов районунда «Айтматовдун дүйнөсү» комплекси курулуп жатат.

Чынгыз Айтматовдун өмүрү тууралуу тасма

Көркөм тасма даярдоо иштери да жүрүп жатат. Фильм жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган. Анын премьереси ушул жылдын күзүндө пландалууда.

2028-жылы Айтматовдун мурастарын кеңири жайылтууга багытталган илимий, маданий, чыгармачыл жана эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт.

Уюштуруучулар акыркы менипулярдык салтанатты өткөрүү маселесин караштырууда.