Кыргызстанда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмына жаңы эл аралык сыйлык түзүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирген.

Министрдин айтымында, мурунтан эле Чыңгыз Айтматовдун ысмы менен бир нече сыйлыктар бар. Алардын катарында жаштарга багытталган сыйлык жана 2012-жылы түзүлгөн КМШнын Межпарламенттик ассамблеясынын сыйлыгы орун алган.

Аталган сыйлык адабиятты, маданиятты жана гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилет.

Азыркы учурда жаңы эл аралык сыйлыкты түзүү концепциясы иштелип чыгууда жана жакынкы келечекте анын ишке ашырылышы пландалууда.