2025-жылдын мартында белгисиз адамдар жабырлануучу менен мессенджер жана телефон аркылуу байланышып, өздөрүн УКМК жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган.

Аялга анын үстүнөн шектүү каржылык операциялар боюнча кылмыш иши козголгону айтылган. Ошол учурда коопсуздукту камсыздоо максатында банк эсептериндеги каражаттарды көрсөтүлгөн реквизиттерге которууга туура келгени түшүндүрүлгөн.

3-мартта ал банкта 2,65 миллион сом алып, аларды терминал аркылуу алдамчылардын эсептерине которгон.

Кийинчерээк дагы 1,7 миллион сом менен 774 миң сом алып, ошолорду да көрсөтүлгөн реквизиттерге өткөргөн.

Андан соң алдамчылар үйүндө тинтүү жүрүшү мүмкүн экенин айтып, аял зергердик буюмдарын ломбарга өткөрүп, 70 миң сом алган. Ошондой эле 98 миң сомду терминал аркылуу алдамчыларга өткөргөн.

Жалпысынан жабырлануучу 5 миллион 124 миң сомдон ашык материалдык зыянга учураган.

Соттун аныктамасына караганда, марти айында айыпталуучу Касымалы банктык реквизиттерди камсыз кылган жана акча каражаттарын алуу үчүн жардам көрсөткөн.

Жогорку сот бул иш боюнча чыгарылган өкүмдү өзгөртпөй, күчүндө калтырды.