Кыргыз Республикасынын Жогорку соту майыптыгы бар адамга карата оор кылмыш жасаган деп соттолгондорго чыгарылган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим менен сот системасы аталган иштин акыркы чекитин койду.
Иштин материалдарына ылайык, айыпталуучулар майыптыгы бар жарандын үйүн мыйзамсыз ээлеп алган. Андан тышкары, алар жабырлануучуну ур-токмокко алып, башка мүлктөрүн да өз атына каттатууну талап кылгандыгы белгиленет.



