Долбоордун автору Алтынай Юсупова шаардык парктарда эмчек эмизген энелер үчүн жетиштүү шарттар жок экенин белгиледи. Анын айтымында, эгер аялга баласын сыртта эмизүү ыңгайсыз болсо, ал тынч жер табуу үчүн дүкөн же кафе издөөгө аргасыз болот. Бул көптөгөн аялдар үчүн ыңгайсыздык жаратууда.

Юсуповада мындай кабина куруу идеясы бир жылдан ашык убакыт мурун пайда болгон. Шаардык жер участогун ижарага алуу, ошондой эле долбоорду шаардык кызматтар менен макулдашуу жана уруксат алуу үчүн көп убакыт кеткенин айтты.

Эмчек эмизген энелер кабинаны акысыз пайдалана алышат. Ичинде кондиционер, жылуу пол, пеленальный стол жана эмеректер орнотулат. Учурда кабина 80 пайызга даяр.