Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылы Корея Республикасында эмгектенүүнү каалаган жарандар үчүн EPS-TOPIK корей тили боюнча кошумча жалпы тестирлөө өткөрүлөрүн маалымдайт.

Каттоо процесси

EPS-TOPIK тестирлөөсүнө онлайн каттоо 2026-жылдын 24-августунан 28-августуна чейин жүргүзүлөт.

Каттоодон өтүү үчүн www.migrant.kg расмий сайтына кирип, талап кылынган маалыматтарды толтуруп, @gmail.com электрондук почтасын көрсөтүү жана төмөнкү документтерди электрондук түрдө жүктөө зарыл:

  • Жалпы жарандык паспорттун электрондук көчүрмөсү (JPG форматында)
  • Акыркы алты айда ак фондо тартылган 3,5 × 4,5 см өлчөмүндөгү сүрөт (JPG форматында)
  • Тестирлөөгө катышуу үчүн 28 АКШ долларын төлөгөндүгүн ырастаган квитанциянын сүрөтү

Онлайн каттоо үчүн шилтеме 2026-жылдын 24-августунда борбордун www.migrant.kg расмий сайтына жайгаштырылат.

Тестирлөө мөөнөттөрү

EPS-TOPIK корей тили боюнча тестирлөө 2026-жылдын 14-октябрынан 17-октябрына чейин өткөрүлөт.

Катышуучуларга коюлган талаптар

Тестирлөөгө төмөнкү талаптарга жооп берген жарандар катыша алышат:

  • 1986-жылдын 25-августунан 2008-жылдын 24-августуна чейин төрөлгөн, башкача айтканда 18 жаштан 39 жашка чейинки жарандар
  • Мурда соттолбогон же кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган адамдар
  • Корея Республикасынан депортациялоо же өлкөдөн чыгуу буйругу менен байланышкан чектөөлөрү жок адамдар