Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, өрт кырсыгы тууралуу күбөлөр билдиришкен. Жарандар тарабынан тартылган видеодо аялдама комплексинин чатырынан кара түтүн көтөрүлүп жатканы көрүнгөн, ал эми аялдамада коомдук транспорт күткөн көптөгөн адамдар болгон.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт борбор калаанын 8-кичи районундагы автобус аялдамасында чыккан. Жалынды өчүрүүгө саат 09:41де бир өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлүп, өрт саат 10:10го карата толугу менен чектөөгө алынып, өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат.