Бишкек шаарында Айтматов проспектисинин Жибек Жолу көчөсүнөн Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө көчө жарыгы толук кандуу модернизацияланды.
Жаңыланган участокто бийиктиги 12 метрлик 277 архитектуралык-дизайнерлик шам орнотулду, андан тышкары 200 Вт кубаттуулуктагы 554 LED светильник колдонулду.
Мэриядан билдиришкендей, жаңы жарык системасы жолдун көрүнүшүн жакшыртып, айдоочулардын жана жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун арттырат.
Мындан тышкары, LED светильниктер аз электр энергиясын сарптайт, бул шаар бюджети үчүн чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.









