Бишкекте «Борбордук Азия – Кытай» форматына катышкан өлкөлөрдүн курулуш министрлеринин экинчи конференциясы өтүүдө. КР Президентинин №1 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чара Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрүн бириктирди.
КР Курулуш, архитектура жана ЖКХ министрлигинен билдирилгендей, форумга ведомство башчылары гана эмес, профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле бардык катышуучу өлкөлөрдүн курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышууда.
Тармактын негизги маселелерин талкуулоого төмөнкүлөр катышты:
- КР курулуш, архитектура жана ЖКХ министриНурдан Орунтаев
- «Борбордук Азия – Кытай» форматынын Секретариатынын башкы катчысыСунь Вэйдун
- КХР турак жай, шаардык жана айылдык өнүктүрүү министриНи Хун
- Казакстандын өнөр жай жана курулуш министриЕрсайын Нагаспаев
- Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасыЮсуфи Мирзозода
- Түркмөнстандын курулуш жана архитектура министриАбдулла Гелдиев
- Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министриШерзод Хидоятов
Учурдагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүнү кол коюу жана 2027–2028-жылдар аралыгында курулуш чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү пландалууда.
Пекин демилгеси — курулуш тармагындагы көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын аныктаган документ, 2025-жылы Пекинде өткөн биринчи конференциянын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.












