Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» мейманканасында Кыргызстандын курулуш тармагындагы ири долбоорлору көрсөтүлдү. Бул иш-чара «Борбордук Азия – Кытай» курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын программасынын алкагында өткөрүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, экспозицияда ири объекттердин архитектуралык макеттери жана долбоордук чечимдери атайын мультимедиялык экрандар жана санариптик жабдуулар аркылуу көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев делегация башчыларын көргөзмө менен тааныштырып, өлкөдө, анын ичинде туристтик аймактарда ишке ашырылып жаткан масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Иш-чарага төмөнкүдөй жогорку деңгээлдеги өкүлдөр катышты:

Министр Нурдан Орунтаев чет өлкөлүк өкүлдөрдү Кыргызстандын климаттык өзгөчөлүктөрү жана туристтик потенциалы менен тааныштырып, республикага жылдын каалаган мезгилинде келип кетүүгө чакырды. Көргөзмөнүн негизги максаты — эл аралык өнөктөштөрдү тартуу, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү жана курулуш тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү.