Бишкек шаар башчысы Айбек Жунушалиев Даир Асанов атындагы паркты көзөмөлдөөдө болду. Ал жакын арада паркка реконструкция жүргүзүү пландалып жатканын билдирди.
Мэриянын маалыматына караганда, бардык инфраструктуралык иш-чаралар талкууланып, тиешелүү тапшырмаларды берүүнүн негизинде парктагы оңдоо жана жаңылоо иштери башталат.



