Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусунда коопсуздукту чыңдоонун, сооданы, транспортту жана инвестицияларды өнүктүрүүнүн, ошондой эле Бишкекте өтө турган ШКУ саммитин ийгиликтүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул жолугушуу 24-июлда Чолпон-Ата шаарында болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык юбилейлик жылына туура келгенин баса белгиледи. Ал уюмду тең укуктуу диалог жана биргелешкен чечимдерди издөө үчүн маанилүү аянтча катары мүнөздөдү.