10-августта “Кабар” агенттиги Бишкектеги Саламаттыкты чыңдоо борборунун селейме оорусунун алдын алуу чаралары тууралуу билдирүүсүн жарыялады. Селейме — нерв системасын жабыркатып, катуу талмаларды чакыруучу коркунучтуу жугуштуу оору.
Адистердин айтымында, оорунун козгогучу Clostridium tetani бактериясы болуп саналат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, жугуу учурларынын болжол менен 60%ы буттун жаракаттарынан келип чыгат. Бул жылаңайлак басканда, мыкка, тикенекке, сыныкка же териге зыян келтире турган башка нерсеге басканда болушу мүмкүн.
Clostridium tetani споралары айлана-чөйрөдө кеңири таралган. Алар топуракта, үй чаңында, жаныбарлардын заңында жана жаратылыш суу объекттеринде болушу мүмкүн. Тамак-аш менен жутканда ооруну козгобойт, анткени ашказан-ичеги тракты аркылуу сиңбейт. Коркунуч козгогуч жабыркаган тери аркылуу организмге киргенде пайда болот.
Негизги фактылар:
- Селейме адамдан адамга жукпайт.
- Жугуу булганган жараат аркылуу, өзгөчө терең же тешип кеткен жарааттарда болот.
- Өлүм көрсөткүчү боюнча селейме жугуштуу оорулардын арасында кутурмадан кийинки экинчи орунда турат.
Кантип коргонуу керек:
- Өз убагында эмдөөдөн өтүү;
- Жаракат алуунун алдын алуу чараларын сактоо;
- Ар кандай жарааттарды туура жана өз убагында иштетүү.


