Бишкектеги соода борборлордун бири болгон «Дордой Плаза» жайгашкан аймакта электр подстанциясы өрттөндү. Бул кырсык унаа токтотуучу жайда катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт бүгүн, Ибраимова көчөсүндө саат 16:56да башталган. Кырсыкка байланыштуу жерге ыкчам өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн.

Азыркы убакта өрт өчүрүү иштери жүрүп жатат, жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.