Тандоо турунун жыйынтыгында алдыңкы орундарга чыга алган катышуучулардын тизмеси аныкталды. Мамлекеттик маданият министрлигинин маалыматы боюнча, финалга чыга алган акындардын упайлары төмөндөгүдөй:

Акындын упайлары

80балл (8 акын)
79балл (2 акын)
78балл (1 акын)
77балл (1 акын)

Айтыш акын Казыбек Мамбетимин уулунун 125 жылдыгына, Эшманбет Байсейит уулунун 160 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 25 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.

Айтыштын финалдык бөлүгү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Айтыштын башкы спонсору — ишкер Нурбек Кенешов.

1 500 000 сом сыйлык пулу

Финалдык мелдештин жалпы сыйлык пулу ушул сумманы түзөт.