Бишкекте өтүп жаткан IV жылдык сот судьялары конференциясы экологиялык сот адилеттүүлүк жана климаттын өзгөрүшү менен байланышкан укуктук маселелерге багытталган. Иш-чаранын алкагында эл аралык стандарттарды колдонуу жана экологиялык укуктун туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдөгү ролу талкууланып жатат.