Конференция 22-24-июль күндөрү Иссык-Көлдө уюштурулуп, анда соттук-медициналык экспертизанын азыркы абалы, тармактагы актуалдуу чакырыктар, жаңы технологияларды киргизүү жана эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатуу маселелери ар тараптуу талкууланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул иш-чара Кыргыз-Түрк Өкмөт аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынынын протоколунун иш-чаралар планынын 45-пунктун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргызстандын соттук-медициналык эксперттери, ошондой эле Түркия, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы адистери катышты. Катышуучулар эл аралык тажрыйба, илимий жетишкендиктер жана соттук-медициналык экспертиза жаатындагы практикалык ыкмалар боюнча докладдарды жасашып, кесиптик тажрыйба алмашышты.