Бишкектеги коомдук транспорт токтоолорунун жетүүлүгү тууралуу жашоочунун кайрылуусу келип чыкты. Жашоочу шаар мэриясына бул маселе боюнча көңүл бурууну өтүнүп жатат.

Анын айтымыша, токтоолорго жетүүдө негизги тоскоолдуктардын бири — жогорку бордюрлор болуп саналат. Ошондой эле, плиталардын тегиз жайгашпашы да кыйынчылык жараткан жерлердин бири.

Бул кырдаал, өзгөчө бал көлбөк менен жүргөн ата-энелерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өтүүгө олуттуу тоскоолдук жаратып жатат.