Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгындагы республикалык кеңешмеде УКМКнын төрагасы Максат Асаналиев активдерди кайтаруу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, айрым инсандар мурда кабыл алынган чечимдерди өзгөртүү максатында президент менен жолугушууларды пайдаланууга аракет кылууда.

Мамлекеттик менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен мүлктөр белгиленген тартипте мамлекеттин балансына өткөрүлгөн. Бул активдер аркылуу мамлекеттин кызыкчылыктары кайрадан калыбына келтирилген.

Бул иштин жүрүшүндө айрым кемчиликтер жана өткөрүп жиберүүлөр болду. Алар боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тийиштүү жыйынтыктар чыгарылды жана мындай учурлардын алдын алуу үчүн зарыл чаралар көрүлүүдө.
Максат Асаналиев

Учурда мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берүү боюнча чечимдерди кайра карап чыгуу талап кылынуучу жарандардын арыздары боюнча иш алып барылууда.