Республикалык кеңешме учурунда мамлекет башчы укуктук системадагы каталарды оңдоо маселесин көтөрдү. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ченемдер катуулаганы менен, айрым учурлар логикага жана адамдык абийирге туура келбейт.

Президент Жалал-Абад облусундагы окуяны мисал катары келтирди. Ал жерде бир жарандын атасы болгону эки миң сом үчүн эки жылга камакка алынган. Бул жагдай мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү көрсөттү.

Сиздер мыйзамдын бул жеринде кемчилик болушу мүмкүн экенин көрсөтүп, аны өзгөртүү боюнча демилге көтөрүшүңүз керек болчу. Албетте, сиздер муну кылган жоксуз. Адамдык абийир жана жоопкерчилик деген түшүнүк бар.
Садыр Жапаров

Президент укук коргоо органдарына, прокуратурага жана сот системасына мыйзамдагы кемчиликтерди аныктап, аларды четтетүү боюнча демилгелер менен чыгууну тапшырды. Ошондой эле, мыйзамга таянуу менен ушундай кырдаалдардын өзүнө тескери бурулушу мүмкүн экенин эскертти.