Октябрь районунун ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын 30-июнунда К. З. аттуу жаран милицияга кайрылган. Ал өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырган К. Ж. аттуу кишинин анын уулуна карата кылмыш иши боюнча маселелерди чечүүгө жардам берем деп жалган ишеним аркылуу акча алганын айткан.

Жабырлануучунун айтымында, шектүү адам ар кандай себептерди айтып, кайра-кайра акча талап кылыпты. Ал экспертиза жүргүзүү, медициналык документтерди тартиптөө жана башка иштер үчүн каражат керек экенин билдирген.

Учурда кылмыш иши тергөөбөлү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча козголду. ИИМдин кызматкерлери 1989-жылы туулган К. Ж. аттуу шектүүнү аныктап, кармап алышты.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышкер КР Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ИИМдин убактылуу кармоо изоляторуна жабылды.