Бишкектин медиа ишмерлери калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган социалдык ролик түзүү үчүн биригишти. Демилгенин максаты — жарандарды киберкылмышчылардын иштөө ыкмалары жөнүндө эскертүү жана каражаттарды жоготуу тобокелдиктерин азайтуу.
Бишкек ИИБКнын билдирүүсүнчө, алдамчылар курмандыкта шашылыш кырдаал болуп сезилсин үчүн психологиялык басымды жигердүү колдонушат. Алдамчылар жеке маалыматтарды эгалануу же акчаны «коопсуз эсептерге» которууга мажбурлоо үчүн өзүн банк кызматкерлери, укук коргоо органдары же мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катары көрсөтүшү мүмкүн.
Аккаунттарды коргоо үчүн укук коргоо органдары татаал паролдорду колдонууну жана эки факторлуу аутентификацияны жөндөөнү сунушташат. Шектүү билдирүүлөр келген учурда маалыматты расмий булактар аркылуу текшерүү жана мекемелер менен өз алдынча алардын текшерилген номерлери аркылуу байланышуу зарыл.









