Бишкекте өтүп бара жаткан адамды талоонго шектелген эки эркек кармалды. Бул тууралуу борбордун Ленин райондук ИИБинен билдиришти. Окуя 19-октябрда саат 23:00дөр чамасында Рыскулов көчөсүндө болгон.
Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз адамдар жарандын колунан Google Pixel 10 Pro XL маркасындагы смартфонун жулуп алышкан. Уурдалган түзмөктүн баасы 110 200 сомду түзгөн. Талоонду жасагандан кийин кылмышкерлер окуя болгон жерден качып кетишкен.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо органдары эки шектүүнүн жеке башын аныктап кармашты: 1982-жылы туулган Н. Т. жана 1996-жылы туулган Б. Б. Кармалгандардын экөө тең Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Талоон фактысы боюнча тергөө улантылууда.











