Бишкек шаарында Threads социалдык тармагында массалык башаламандыктарды жана башка мыйзамсыз аракеттерди жасоого чакырыктарды жарыялаган деп шектелген жаран камакка алынды. Шаардык ИИББнын маалыматы боюнча, шектүү эки айга камакка алынды.

Милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда «Slivy_telegramm» аттуу аккаунтту аныкташкан, ал мурда «beksultankg99» деп аталган. ИИББнын билдиришинче, бул баракчада кытай жарандарына карата терс маанайдагы материалдар, ошондой эле коомдук тартипти бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге чакырыктар системалуу түрдө жарыяланып турган.

Атап айтканда, милициянын маалыматы боюнча, аккаунт аркылуу 23-июлга Ала-Тоо аянтына пландаштырылган мыйзамсыз митингге катышууга чакырыктар таратылган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө, массалык башаламандыктарга жана жарандарга карата зомбулукка чакырыктар») боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аккаунттун болжолдуу ээсин – 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаранды аныкташкан. Ал Бишкек шаардык ИИББнын тергөө кызматына жеткирилген.

Маалыматка ылайык, О.А. өз ыктыяры менен текшерүү үчүн iPhone 14 Pro телефонун өткөрүп берген. Андан аркы тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө дагы үч уюлдук телефон жана ноутбук алынган. Техникалык каражаттар иштин материалдарына далил катары кошулган. О.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту ага карата эки айлык камакка алуу бөгөт чарасын тандаган.