Бишкек шаарында тилеп акча сураган жарандарга каршы милиция 50дөн ашык протокол түздү.

Бул чаралардын натыйжасында атайын убактылуу кармоочу жайга 20 чет элдик жаран жеткирилип, алардын ичинен экиси өлкөдөн чыгарылды.

Бул иш-чаралар жергиликтүү бийлик тарабынан коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлүүдө.