Бишкекте жол кыймылын башкаруунун интеллектуалдык системасын тестирлөөгө киришти. Транспорт министрлигинин билдирүүсүнчө, Жеңиш жана Калинин көчөлөрүндө, ошондой эле Жеңиш проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде (Лебединовка айылы) жасалма интеллектти колдогон 27 светофор орнотулган.

Видео: Nomad

Жаңы түзүлүштөр пилоттук режимде иштеп, трафиктин интенсивдүүлүгүн талдоого үйрөнүүдө. Системанын негизги милдети — тыгындардын алдын алуу үчүн сигналдарды автоматтык түрдө оптималдаштыруу.

Технология унаалардын санына жараша светофордун фазаларынын узактыгын гана өзгөртүп койбостон, жол белгилерин ийкемдүү башкарууга да мүмкүндүк берет. Мисалы, солго бурулуучу тилкеде транспорт көп топтолгон учурда, жасалма интеллект багыттын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча тилке боюнча кыймылдын багытын өзгөртө алат.

27светофор орнотулду
ЖИбашкаруу технологиясы