Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаменти Бишкек шаарындагы бир нече объектинин уруксат кагаздары жок иштеп жаткандыгын аныктады. Бул тууралуу ведомство билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, курулуш объектилерин үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнүн алкагында департаменттин адистери Бөкөнбаев көчөсү, 164 дарегинде жайгашкан бир катар объектилер тийиштүү уруксат документтери жок эксплуатацияланып жатканын аныкташкан.
Бул факт боюнча К.Ч.А. аттуу жаранга карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Ошондой эле, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаменти курулуш тармагынын бардык катышуучуларын мыйзам талаптарын, курулуш нормаларын, техникалык регламенттерди жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

