Бишкек ШИИББдин Патрулдук милиция кызмат башкармалыгынан (ПМКБ) билдиргендей, велосипедчендин өлүмүнө алып келген жол кырсыгына катышкандардын өздүгү такталды. Окуя 4-августта болжол менен саат 19:20да Абдрахманов жана Московская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

1996-жылы туулган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Абдрахманов көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, жөө өтмөккө жетпей жолду кесип өтүп бара жаткан велосипедченди сүзүп кеткен. Видеодо унаанын катуу соккусунан велосипедчендин жогору ыргып кеткенин көрүүгө болот. Алган жаракаттарынан улам 22 жаштагы жергиликтүү тургун окуя болгон жерден каза болгон. Бул факты боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Дагы бир велосипедченге кагылуу

Мындан тышкары, Бишкекте жашы жете элек велосипедченди сүзүп качып кеткен айдоочуну Патрулдук милиция кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кармады. ПМКБнын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 5-августта саат 11:00 чамасында Ибраимов жана Чуй проспектисинин кесилишинде болгон.

BYD үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2010-жылы туулган өспүрүмдү жөө өтмөктөн велосипед тээп өтүп бара жатканда сүзүп, андан кийин окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Мыйзам бузуучуга карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык административдик протокол түзүлдү.