13-августта Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, Subaru Forester унаасы электр велосипедченин унаасы менен сүзүштү.
Кырсык Лев Толстой жана Аалы Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Subaru Forester унаасын 22 жаштагы айдоочу башкарып жүргөн.
Каршы тараптан 20 жаштагы У.Б. аттуу жаран электр велосипедине айдатып келе жатып, солго бурулууну аткарган учурда унаа менен кагылышкан.
Жыйынтыгында электр велосипеддин айдоочусу оор жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан №4 ооруканага жаткырылган.
Учурда кырсык боюнча тиешелүү кызматтар териштирүү иш-чараларын жүргүзүүдө, кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.




