Бишкекте 23-ноябрдан күнү саат 21:50дө жол кырсыгы болду. Киев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде веложол менен бара жаткан 16 жашар велосипед айдоочу үч жашар баланы кагып кеткен. Балага веложолго күтүүсүз жерден чыгып кеткен учурда кагылган.
Инцидент боюнча Патрулдук кызматтын башкармалыгы билдиргендей, жаракат алган бала тез арада ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тийиштүү текшерүүлөр жүрүп жатат.









