Кыргызстандын борборунда XVII «Русская премьера» театр фестивали өтөт. Ушул жылы иш-чаранын программасы 200 жашка толгон орус жазуучусу Михаил Салтыков-Щедриндин юбилейине арналган.

Уюштуруучулардын билдирүүсүнчө, фестивалга өлкөнүн бүткүл аймагынан мектептик театрлык жамааттар катышат. Жаш актерлор сахнада Салтыков-Щедриндин чыгармаларына, ошондой эле классикалык жана заманбап драматургияга негизделген коюулдарды сунушташат.

Иш-чара саат 10:30да Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын кичи сахнасында, Тыныстанов көчөсү, 122 дарегинде башталат. Келүүчүлөр үчүн кирүү акысыз.