Бишкек шаарында Орозбеков көчөсүндөгү электр зымдарынын үзүлүшүнөн улам жаралган көйгөйлөр чечилип жатат. Оор техника тарабынан зымдар үзүлгөндөн кийин электр энергиясы жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Кыргызстандын Улуттук электр тармагынан (НЭСК) билдиришкендей, Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери окуя болгон жерге эң жакын жайгашкан трансформатордук көмөкчордондо иштерди жүргүзүшүүдө.

Зымдарды бузган техника НЭСКке тиешеси жок, тышкы уюмга таандык экени белгиленди. Электр энергиясы кыска убакыттын ичинде толугу менен калыбына келтирилет деп убада кылынууда. Окуя 10-августта Орозбеков көчөсүндө болгон.