10-ноябрда кечинде Бишкек жакындыгындагы Түндүк айлана жолунда олуттуу жол-транспорттук кырсык болду. Күбөлөрдүн айтымында, аварияда жүк ташуучу унаа менен жеңил автоунаа кагылышкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, окуя саат 20:20 менен 20:25түн ортосунда болгон. Болжол менен, кагылышуу алдында жүк ташуучу унаа бордүргө тийип, андан кийин капталынан кулап, жолдун үстүнө түшүп калган.

Кырсык болгон жерден тартылган кадрларда жеңил автоунаанын чатыры олуттуу жабыркаганы көрүнүп турат. Ошол эле учурда жүк ташуучу унаанын кабинасы өз формасын сактап калган.

Видео: Nomad

Учурда авариянын шарттары жана так себептери аныкталууда. Жол кырсыгынын натыйжасында жабырлануучулар жөнүндө маалымат түшкөн жок.