Шаршемби күнү, 7-ноябрда, Бишкек — Ош трассасында жол кырсыгы катталды. Чүй облусунун ИИБден билдирилгендей, окуя жолдун 155-кылометринде саат 12:22де болгон.
Scania маркасындагы жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу 1980-жылы туулган, ал Ош облусу тараптуу түштүк багытта бара жаткан. Тормоздук системанын иштебей калышынан ал башкарууну жүргүзө албай калып, натыйжада транспорт каражаты жолдон чыгып, бийиктиктен кулап кеткен.
Окуянын натыйжасында эки адам жабыр кетти. Аларга Суусамыр айылынын тез жардам кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүштү.
Учурда окуянын материалдары Жайыл районунун ИИМге катталды. Окуянын фактысы боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.













